Ысык-Кѳлдѳ мѳндүр аралаш кар жаады
Бөлүшүү:
Бүгүн 17-сентябрда Ысык-Кѳл облусунундагы Ысык-Кѳл районуна караштуу Сары-Ой айылында мѳндүр аралаш кар жааган. Бул тууралуу Ысык-Кѳл облусунун ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн басма сѳз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.
Мѳндүр аралаш кар таңкы саат 8:00 башталып бир сааттай жааган. Андан соң аба ырайы ѳзгѳрүп күн тийип кар ээрип кеткен. Аба ырайынын ѳзгѳрүшүнѳн жабыркагандар жок. Жол каттамдары үзгүлтүксүз жүрүүдѳ.
Буга чейин кээ бир ММКаларда кар жаагандыктан жол каттамдары токтогону маалымдалган. Жаныбек Кожоев бул маалыматты тѳгүндѳдү.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-bir-saataj-mndr-aralash-kar-zhaady
Добавить комментарий ×