Ысык-Атада жол тосуп кишилерге курал такап, аларды тоногондор кармалды

7 февраль 2020 11:17 669 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Атада кишилерди курал колдонуп тоноду делген эки киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 28-январда болжол менен саат 13:30да 26 жаштагы О.Э. менен 22 жаштагы Т.Э. аттуу жарандар автоунаа менен баратканда Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде "Субару" машинасы жолду тоскон.

Машинада 25-30 жаштагы белгисиз кишилер болгон. Алар тапанча менен коркутуп, күч колдонуп үч уюлдук телефонун жана азык-түлүктү тартып алышкан.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында аталган ишке шектүү катары Чүй облусунун 31 жана 30 жаштагы кишилер кармалган.

Алар убактылуу кармоо жайына киргизилип, камакка алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-zhol-tosup-kishilerge-kural-takap-alardy-tonogondor-karmaldy



Добавить комментарий