Ыргал Кадыралиева: “Бишкектиктер “АК БАТА” партиясын шайлашса, жол коопсуздук камераларынын иштешин кайра карайбыз”

16 март 2021 13:04 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, “АК БАТА” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Ыргал Кадыралиева:  “Бишкектиктер “АК БАТА” партиясын шайлашса, жол коопсуздук камераларынын иштешин кайра карайбыз”  

Ыргал айым, сиз азыр Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка аттандыңыз. Бирок сиз Жогорку Кеңешке депутат болуп турганда эмне иш бүтүрдүңуз эле?

  • Мен КР Жогорку Кеңешине 2010-15-жылдарда депутат болуп иштедим. Ошол убакытта:
  • жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн,
  • “Медициналык кызматкердин макамы жөнүндө” КР мыйзамы (2013-жыл), аялдардын, балдардын укугун коргоо боюнча,
  • шаарыбыздын тазалыгын сактоо боюнча,
  • репродуктивдүү ден соолук боюнча,
  • Кылмыш кодексиндеги шалаакылык беренесин өзгөртүү,
  • демография жана миграция маселеси,
  • аскер кызматкерлерин турак – жай менен камсыздоо,
  • ыктыярчыларды колдоо багытындагы мыйзамдарды жазып, алардын макамын өзгөртүүгө салым коштум.

Мен убагында көтөргөн демилгелер бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнөлүк деңгээлде да колдоо тапкан. Өзгөн күрүчүн даңктоо максатында дүйнөлүк күрүч фестивалын Өзгөн шаарында өткөрүп, ага 15 өлкөлөрдөн күрүч өндүрүүчүлөр катышып, өлкөбүздүн экономикасына салмактуу салым коштум.

Ал эми Бишкек шаарында туруктуу жашап жана эмгектенип жатканыма 15 жыл толду. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп калсам, мен аткара турган иштер:

  • Бишкектин жолдорундагы коопсуздук камераларынын иштешин кайра карап чыгуу. Жол коопсуздук камераларынын иши ар тараптуу изилденбей, автоайдоочулардын бардык шарттары эске алынбай туруп киргизилип калган. Ал эми шаардагы миңдеген автосүйүүчүлөр айыптарын төлөй албай, машиналарын автотоктотуучу жайга алып барып токтотуп салганы боюнча мага көп кайрылып жатышат.
  • Эгерде айдоочулар дайыма жол эрежесин бузса, алар айып төлөшү керек. Ал эми үч айда, алты айда же бир жылда жол эрежесин бузган айдоочуга эскертүү берүү менен гана калтырышыбыз керек. Себеби элибиздин айлыгы аз, жумушсуздар көп болуп араң жашап жатканда, алардын чөнтөгүн айыптар менен кагып акча жыйноо акылга сыйбайт. Биздин максат - шаарда жол эрежелерин сактоого айдоочуларды үйрөтүү, жол эрежерин сактоону, тартипти сактоону талап кылуу болушу керек. Менин байкоомдо Россиянын, Казакстандын, Абхазиянын номери менен жүргөн машиналар жол эрежелерин бузса да айыптарды төлөбөйт экен. Бул жагдайды да иретке салуу абзел.
  • Эгерде шаардыктар “АК БАТА” партиясын шайлашса, жол коопсуздугунун эрежелерин кайра карап чыгууга убада берем.
  • Бишкек шаарынын дагы бир чоң көйгөйү ички мигранттар. Алар Кыргыз Республикасынын жараны болгонуна карабай, көп учурларда билим алуудан жана медициналык кароодон өксүгөн учурлар көп. Бала бакчага, мектептерге балдарды киргизүүдө чоң көйгөйлөр бар экенин көрүп жүрөбүз. Менин позициям, Кыргыз Республикасындагы ар бир бала Кыргызстандын кайсы гана аймагында болбосун, бекер билим алууга жана медициналык кароодон өтүү укуктуу. Окуйм деп келген баланы мектептер электрондук кезек же дагы башка шылтоолорду айтпай, мектепке бекер киргизип окутууга милдеттүү. Албетте, мектептин сыйымдуулугу да каралат. Жаңы мектептерди курууну биз колго алабыз. Бошураак мектептер балдарды эч тоскоолдуксуз кабыл алып окутууга милдеттүү. Мисалы, Америкада, Россияда туристтердин, мигранттардын балдары да мектептерде тоскоолдуктар жок эле окушат. Алардын саясаты - бир дагы бала бош калбашы керек.
  • Бишкектиктер “АК БАТА” партиясын шайлашса, шаардык кеңеште ушундай саясатты жүргүзөм.

Менин атым Ыргал Кадыралиева. 5 жыл Жогорку Кенеште депутат болуп, өлкөбүздүн  социалдык, экономикалык, укуктук өнүгүүсү үчүн көптөгөн демилгелерди көтөрүп чыктым. Жөө жүргөн адамдардын коопсуздугу, шаарларыбыздын тазалыгын сактоо, медицина кызматкерлеринин статусу, репродуктивдуу ден соолук, кылмыш кодексиндеги шалаакылык беренесин өзгөртүү, демография жана миграция маселеси, аскер кызматкерлерин турак - жай менен камсыздоо, ыктыярчылар жөнүндө мыйзамдарды жазып, алардын көпчүлүгү  колдоого алынды. 

Азыр Бишкек шаардык кеңешине “Ак Бата” саясий партиясы менен барууну чечтим. Себеби мени шаардын тургуну катары чечилбей келе жаткан көйгөйлөр тынчсыздандырат. “Ак Бата” партиясын тажрыйбалуу, чарбачыл жетекчи, патриот, энергиялуу жаштар сүрөп баратат. Сиздердин ишеним биздин жеңиш. Биздин команда ар бир конуш, ар бир районду коопсуз жана гүлдөгөн шаарга айландыруусуна кепилдик берем. 

“Ак Бата” партиясы коопсуз шаар программасын кайра карап, штрафтын суммасын жеңилдетүү шарттарын кайра карап чыгабыз. Шаарыбыздын территориясында жашаган ар бир баланын коопсуздугу корголуп, медициналык жардамга жана эч кандай кезексиз жана тоскоолдуксуз билим алуу эркиндигине ээ болот. Мектептерде орунсуз акча топтоо жок болот. 

Жакырчылыкты жою менин эң биринчи милдетим болуп калат. 

“Бишкектиктер “АК БАТА” партиясын шайлашса, жол коопсуздук камераларынын иштешин кайра карайбыз”  

  • Ыргал айым, сиз азыр Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка аттандыңыз. Бирок сиз Жогорку Кеңешке депутат болуп турганда эмне иш бүтүрдүңуз эле?

Буйрутмачы: "Ак Бата" саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Абдымажимова (каттоодон өткөндү тууралуу күбөлүк, No22, 22.02.2021-ж.). "Ак Бата" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/yrgal-kadyralieva-bishkektikter-ak-bata-partiyasyn-shajlashsa-zhol-koopsuzduk-kameralarynyn-ishteshin-kajra-karajbyz

Добавить комментарий