Ырчы МакSим өлгөндөн кийин дагы жашоо бар экенин айтты (видео)

15 сентябрь 2021 12:36 3207 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиялык ырчы МакSим-Марина Абросимова комада эки айга жакын убакыт жатып айыгып чыккандан кийинки алгачкы маегин берди. Бул тууралуу  “Осторожно: Собчак” ютуб-каналына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

38 жаштагы ырчы комада жаткан учурда жүрөгү эки ирет токтоп калып кайра калыбына келген.

“Мен азыр табыттын капкагын жапкандан кийин баары бүтпөсүн, тескерисинче баары баштала турган так айталам. Мен комада жаткан учурда таптакыр башка реалдуулукка туш келдим жана биз жашап жаткан азыркы жашоо мен барып көрүп келген жерге караганда реалдуу эмес экенин аңдап түшүндүм”,-деп айтты ал аталган берүүдө.

МакSим башка реалдуулукта учуп жүргөндөй абалда болгонун, өлүм коркунучун сезбегенин, тескерсинче жагымдуу бир тынчтыкта магдыраганын айтты. Анын “тигил дүйнөдөн” көрүп келгендери тууралуу видеодон кеңири уксаңыз болот.

Эскерте кетсек, 38 жаштагы ырчы МакSим 17-июнда коронавирустан жабыркап ооруканага түшкөн, бир нече күндөн кийин ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган, абалы оор бойдон калып жатканын буга чейин ЖМКлар кабарлап келишкен.14-августта ал сакайып ооруканадан чыккан.


 

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-maksim-lgndn-kijin-dagy-zhashoo-bar-ekenin-ajtty-video



Добавить комментарий