Ырчы Максат менен Айсулуунун үйлөнүү той күнү качан экени айтылды. Эки жаш өзгөчө чакыруу барагын таратты

23 май 2019 16:36 4780 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

“Non Stop” дуэтинин мурдагы солисти Максат Садырбеков менен сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын үйлөнүү тою кайсыл күнү болоору такталды. Бул тууралуу эки жаш ачык айтышпаса да алардын жакындары колдоруна алган чакыруу барактары менен интаграм баракчаларында бөлүшүшүүдө.

Белгилей кетсек Максат менен Айсулуу 9 жыл бою кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Алар өткөн жылы гана мамилелерин ачыктоо чечимин кабыл алышкан. Арадан көп өтпөй Максат сүйүктүүсүнүн колун сураган. Айсулуу туулган күнүндө өзгөчө бир көрүнүш аткаруу менен колун сураган жигитинин сунушуна макулдугун берген.

Той үстүбүздөгү жылдын 6-июнуна белгиленген. Учурда түгөйлөр кызуу дардыктын үстүндө экенин айтышууда.

Болочок жубайлар чакыруу билеттерин да өзгөчө стилде даярдашканы маалым болду. Алар конокторго үйлөнүү үлпөтүнө кабар таратуу үчүн видео чакыруу даярдап аны атайын программанын ичине катышкан. Чакырылган коноктор чакыруу билетти алганда түгөйлөрдүн сурөтүн кошо алып көрсөтүлгөн эреже боюнча атайын программаны көчүрүү керек болот. Андан кийин кайра чакыруудагы сүрөттү телефондун экранына көрсөтүп видео кабарды көрө алышат.




Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-maksat-menen-ajsuluunun-jln-toj-kn-kachan-ekeni-ajtyldy-eki-zhash-zgch-chakyruu-baragyn-taratty



Добавить комментарий