Ырчы Кумар Сагын уулу Кыргызстандан чыгып кетти: Көрүшкөнчө достор!

4 апрель 2019 10:39 2126 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

“Жебе” тобунун солисти Кумар Сагын уулу Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан кабарлады.

Ырчы кайсыл жакка, эмне максат менен, эмне үчүн жана канча убакытка кетип жатканын айткан жок. Ал болгону күйөрмандары менен:

“Көрушкөнчө достор”, -деп кыскача коштошту.

Ырчынын күйөрман кыздарынын бир бөлүгү кайда барса да аман-эсен барып келүүсүн каалашса, басымдуу бөлүгү Кумардын кайсыл өлкөгө сапар алганына кызыгышты.

Ал истаграм баракчасынын сторис бөлүмүнө поспортунун жана самолётко билеттин сүрөтү менен бөлүшүп:

“Кайда учсам экен?”, -деп кайрадан суроо салды.

Эске салсак, Кумар Сагын уулу алгач ырчы Кенже Дүйшеева негиздеген “Жебе” тобунда ырдап чыккан. Кийинчерээк келишим убактысы бүткөндөн кийин топ таркатылып жигиттер жеке ырчылык менен алектенүүгө өткөн. Кумар кыска убакытта жүздөгөн күйөрмандарга ээ болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-kumar-sagyn-uulu-kyrgyzstandan-chygyp-ketti-krshknch-dostor



Добавить комментарий