Ырчы Анжеликага окулган кара дубаны ким тараткан? "Видеону биринчи болуп тараткан адамды жаныма жолотпойм"

22 февраль 2019 12:42 2807 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ интернет барактарына ырчы Анжелика Кайратовага окутулган кара дубанын куржунун мүрзөдөн таап алган видео тарады. Бул тууралуу көптөгөн суроолор бериле берген үчүн ырчы өзү интернет баракчасынан жооп жазган. Бирок айрым бир интернет булактарында Анжелика "кара пиар" кылып жатат деген сөздөр тарады. Мындай ушактарга жооп кылып ырчы инстаграм баракчасына кайрадан пост жазып чыкты.

Анжелика ушактардан тажаганын билдирип:

"Абдан ызы-чуу кылбай эле коюңуздарчы, сураныч. Мага тиешелүү нерсени, мен көрдүм, жооп бердим, болду да эми. Пиар деп жаткандарга айтаарым, пиар эле болсун. Сүрөттү тапкан балдарга рахмат, айтып коюшканына. Ал эми биринчи болуп ватсаптан тараткан адамды жаныма жолотпоорумду туура кордум. Менде баары шүгүр", -деген пикирин айтты.

Бул постту окуган окурмандардын басымдуу бөлүгү ырчыны колдоого алышып, өзүнө жакшы кароосун суранышты.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelikaga-okulgan-kara-dubany-kim-taratkan-videonu-birinchi-bolup-taratkan-adamdy-zhanyma-zholotpojm



Добавить комментарий