Ырчы Айнура Салахидинова үй-бүлөсү менен чоң той беришти
Ырчы Айнура Салахидинова жолдошу Санжар Энназаров менен 2 уул 1 кызды тарбиялап келет. Түгөйлөр кечээ, 1-апрель күнү шаарыбыздын тойканаларынын биринде балдарына арнап чоң той өткөрүштү. Бул тууралуу ырчынын жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, ырчы уулдары Дари менен Бакханга сүннөт той, кызы Айкенага тушоо той жана үй той өткөрүштү.
Тойго ырчынын сахнадаш достору жана жолдошунун жакындары, жалпы туугандары чакырылды.
Көпчүлүк тугөйлөргө жакшы тилектерин жазып калтырышууда.
Эске салсак, Айнура Салахидинова 2018-жылдын 1-апрелинде көз жарып Айкена аттуу кыздуу болгон. Бул тууралуу ырчы өзүнүн баракчасынан да:
“1-апрель Айкена кызым бүгүн 1 жашка толду. Кудайга шүгүр! Алтын кызым өмүрлүү, ыймандуу, акылдуу кыздардан болуп чоңойсун! Бүгүн бизде той”, -деп билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-ajnura-salahidinova-j-bls-menen-cho-toj-berishti
Добавить комментарий ×