Ырчы Айгерим Расул кызы Кыргызстандагы төртүнчү "миллионер" болду

25 февраль 2019 13:38 4979 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Инстаграмдагы "миллионер" ырчылардын катарына Айгерим Расул кызы да кошулду. Бул тууралуу ырчы өзү инстаграм баракчасынан сүйүнчүлөдү.

Ырчы өзүнүн катталуучуларынын саны миллионго жеткен сүрөтүн жүктөп:

"1 000 000 миллион катталуучу!", -деп баяндама жазып, рахматын айтты.

Бул жаңылыкты уккан ырчынын кесиптештери, күйөрмандары куттуктоолорун жаадырышууда.

Айгерим Расул кызы аялдар арасында үчүнчү ал эми жалпы миллион катталуучусу бар "миллионерлер" арасында төртүнчү орунду ээледи.

Эске салсак, Кыргызстанда эң алгач ырчы Самара Каримова андан кийин Анжелика Кайратова, Нурлан Насип жана Асель Кадырбековалар миллион катталуучуга ээ болушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-ajgerim-rasul-kyzy-kyrgyzstandagy-trtnch-millioner-boldu



Добавить комментарий