Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерге болгон салык жогорулады

22 январь 2020 10:52 2410 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2020-жылдын январынан тартып этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкалары жогорулагандыгын билдирет. Бул тууралуу МСКнын басма -сөз кызматы билдирди. 

Бул ЕАЭБ алкагында акциздердин ставкаларын айкалыштыруу максатында жасалган.  Тактап айтканда, арак жана ликер-арак ичимдиктерине, күчтүү суусундуктарга акциз бир литр үчүн 70 сомдон 100 сомго чейин жогорулатылган. 2021-жылы алкоголдук продукциялардын бул категориясына акциз 1 литр үчүн 120 сом, 2022-жылы 140 сомду, 2023-жылы 160 сомду түзөт.  Этил спиртине акциздин ставкасы 1 литр үчүн 100 сом өлчөмүндө белгиленген, мурда бул ставка 70 сомду түзгөн. Кийинки үч жылда акциз салыгы жыл сайын 20 сомго жогорулайт.  Коньяктарга акциз 1 литр үчүн 52 сомдон 70 сомго чейин жогорулатылган. 2021-жылы бул сумма литр үчүн 80 сомду, 2022-жылы 90 сомду, 2023-жылдан баштап 100 сомду түзөт.  Ошондой эле аз алкоголдуу суусундуктарга акциз 1 литрге 200 сом өлчөмүндө белгиленген, ал эми буга чейин ставка 70 сомду түзгөн. 


Ссылка: https://barometr.kg/yanvar-ajynan-tartyp-alkogolduk-produkciyalarga-akciz-salygynyn-stavkalary-zhogorulady



Добавить комментарий