Видео. WikiLeaksтин негиздөөчүсү Джулиан Ассанджды кармоо учурундагы видео

11 апрель 2019 20:42 1956 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 11-апрелде Лондондо Wikileaksтин негиздөөчүсү катары белгилүү болгон Джулиан Ассандж Британиянын полициясы тарабынан кармалды. Бул тууралуу Британиянын полициясы маалымдады.

The Guardian басылмасы кабарлагандай, ал Эквадордун элчилигине чакырылгандан кийин аталган өлкөнүн бийлиги Ассанжга саясий баш паана берүү чечимин токтоткон.

WikiLeaksтин негиздөөчүсүнө баш паана берүүдөн баш тартканы тууралуу Эквадордун президенти Ленин Морено Твиттер баракчасына жазды.

Эске салсак, Ассанж 2012-жылы саясий баш паана сурап Швецияга экстрадициялангандан кийин ал зомбулукка айыпталган.

2016-жылы БУУнун жумушчу тобу WikiLeaks уюмунун негиздөөчүсү Джулиан Ассанждын пайдасына расмий чечим кабыл алып, Улуу Британия жана Швецияга каршы иште Ассанжды күнөөлүү эмес деп тапкан.

"WikiLeaksтин негиздөөчүсү Джулиан Ассандж Швеция менен Улуу Британиядагы эркиндигинен мыйзамсыз ажыратылган”,-деп айтылат эксперттердин бүтүмүндө.   

2019-жылга чейин ал 7 жылы Эквадордун элчилигинин имаратында жашаган.

Экстрадиция болгон учурда ал  АКШда тыңчылык үчүн узак убакытка соттолушу мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/wikileakstin-negizdchs-dzhulian-assandzhdy-karmoo-uchurundagy-video



Добавить комментарий