Видео."Тазалык" атып кеткен ит майыптардын коляскасында басканды үйрөнүүдө
"Айбанаттарга жаман мамиле кылган мамлекет дайыма жакыр жана кылмыштуу болот”,-деп билдирди Бишкектеги «Зоозащита» тобунун негиздөөчүсү Толстой Оксана Безбородова.
Оксана жазгандай Симба аттуу итти 3 айлыгында таап алышкан. Итти атып кетишип, ал канга чыланып жаткан.
Аны караган учурда коргошун ок менен мойнуна, далысына жана буттарына атылганын көрүшкөн.
Симбаны ветврач Гаухар оперция жасаган. Көп саатка созулган оперция жасагандан кийин алдыңкы буттарына пластина коюшкан.Бирок тилекке каршы нерв жарабай калгандыктан иттин буту калыбына келген эмес.
Итти багып алган жубайлар Питерден тапшырык менен коляска заказ кылышкан. Аларга жардам бергендер болгон. Учурда колясканы алып келишти, Симба алгачкы кадамдарын жасап жатат.
“Айбанаттарга карата мындай таш боорук мамиле биздин өлкөдө күн сайын болуп турат. Атышат, өлтүрүшөт корей кафелерине берип салышат. Биз эч нерсе кыла албайбыз”,-деп айтты Оксана.
Ссылка: https://barometr.kg/videotazalyk-atyp-ketken-it-majyptardyn-kolyaskasynda-baskandy-jrnd
Добавить комментарий ×