Видео. Жаш ырчы хиджаб оронгон кыздарды клипке тартты

4 апрель 2019 12:55 1605 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Казакстандык ырчы Жигер Ауыпбаев хиджап кийген кыздарга арнап клип тартты. Клиптин ютубка чыкканын ал өзүнүн интернет баракчасынан да кабарлады.

Ыр “Машалла” деп аталып анда ырчы кыздардын сулуулугу, аруулугу жана ыймандуулугу тууралуу сөз ырдаган. Ал эми жаш ырчынын клибине жоолук оронгон кыздар тартылган. 

Клипти көргөн көпчүлүк ырчыга жалаң гана жакшы каалоо-тилектерин жазып калтырышууда. Ал эми Жигер Ауыпбаев клип тууралуу:

“Сүйүктүү угармандарым үчүн. Каракөздөрүбүздү колдоо иретинде жазылган “Машалла” ырыма тартылган клипти кабыл алыңыздар”, -деп көпчүлүккө жакшы жаңылыгы менен бөлүшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/video-zhash-yrchy-hadzhap-orongon-kyzdardy-klipke-tartty



Добавить комментарий