Видео. Россияда кыйраган учактын видеосу жарыяланды

6 май 2019 09:22 2715 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Сухой Суперджет 100» учагы Москванын Шереметьево аэропортуна конгон кезде өрттөнүп кетти. Учактын ичинде 78 адам болгон, алардын жарымы каза тапты. Бул тууралуу «Форбс» журналы кабарлады.

SU1492 каттамы Мурманскга Шереметьево аэропортунан Москва убактысы боюнча  саат 18.02де учуп чыккан. Бир аз көтөрүлгөндөн кийин экипаж учактын бузук экенин айтып кайтып келүү чечимин кабыл алган.Саат 18.32де учак жерге катуу конуп андан соң күйүп кеткен.

“Интерфакс” агенттигин булагы кабарлагандай, ал конуу тилкесине эч кандай сигнал бербей келген, биринчи учурда коно албай калган жана экинчи айлампада тумшугу менен сайылып күйүп кеткен.

Акыркы маалыматтар боюнча 41 адам каза тапканы айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/video-rossiyada-kyjragan-uchaktyn-videosu-zharyyalandy



Добавить комментарий