Видео. "Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" иш-чарасынын ачылышында тургундар журналисттер менен орун талашты
Бүгүн, 20-апрелде Ош шаарында саналуу мүнөттөрдөн кийин "Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу эл аралык салтанаттуу иш-чаранын расмий ачылышы болот.
Ачылыш азем башталар алдында орундук талашып пикир келишпестиктер жаралды. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына жеринен кабарчы билдирди.
Маалыматка ылайык, жөнөкөй жарандар журналисттер үчүн даярдалган орундуктарга отуруп алып уюштуруучулар келип ал орундуктарды бошотуп берүүсүн суранганда такыр макул болбой коюшкан. Алардын айтымында, башка жерде да орун жок болгон үчүн ошол жерге келип олтурушкан.
"Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу эл аралык салтанаттуу иш-чаранын расмий ачылышын КТРК түз эфирде алып көрсөтмөкчү.
Добавить комментарий ×