Видео. Казакстанда көрүмчүсү бар эки кабаттуу үйдөн өрт чыкты

25 январь 2019 10:28 1158 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 24-январда Казакстандын Шымкент шаарындагы үйлөрдүн биринде жергилитүү убакыт боюнча 17:14тө  өрт чыккандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерген өрт өчүрүү кызматы 2 мүнөттөн кийин барып калган. Бул тууралуу otyrar.kz басылмасы жазып чыкты.

Үй эки кабаттан турат. Өрт үйдүн үстүнкү бөлүгүнөн чыккан. Тилсиз жоо толугу менен 18:17де өчүрүлгөн. Өрттүн жыйынтыгында жалпысынан 286 квадраттык метр күйгөн, бирок жабыркагандар катталган эмес.

Жергиликтүү тургундардын арасында үйдө көрүмчүлөр бар экендиги айтылып келет.

Үй бир канча жылдан бери ээси жок турат. Айрым жерлеринде терезелери да жок экендиги айтылат. Эч ким жашабагандыктан эл арасында үйдүн ичинде көрүмчүлөр бар деген түшүнүк тараган.

Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/video-kazakstanda-krmchs-bar-eki-kabattuu-jdn-rt-chykty



Добавить комментарий