Видео. Футбол: Кыргызстандын жаштар командасы Бириккен Араб Эмираттарынын курамасын утту

8 ноябрь 2019 20:50 9059 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Футбол Кыргызстандын жаштар курамасы (U-19) 2020-жылы өтүүчү Азия чемпионатына тандоо турунда бүгүн Бириккен араб эмираттарынын (БАЭ) командасын 2:0 эсебинде утуп алды.

Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы кабарлады.

Беттештин биринчи бөлүгүндө футболчулар Шигайбаев менен Артыкбаев стандарттык абалдан алыскы аралыктан киргизген эки гол беттештин тагдырын чечти.

Эми курамабыз 10-ноябрды Непал командасы менен кез келет.

Кыргызстандын U-19 курамасы тандоо турунда Иран, БАЭ жана Непал курамалары менен D тайпасында күч сынашууда. Беттештер Ирандын Тегеран шаарыында өтүп жатат.

Тандоо этабынын биринчи турунда биздин жаш футболчулар Иран командасы менен беттешип 3:0 эсебинде утулган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/video-futbol-kyrgyzstandyn-zhashtar-komandasy-birikken-arab-emirattarynyn-kuramasyn-uttu



Добавить комментарий