Видео. Учуучу аба шарында каза болгон эне менен наристенин акыркы ирмемдери

8 октябрь 2019 21:31 2396 Barometr
Бөлүшүү:
ok


   

Кытайда учуучу шардын ичинде 31 жаштагы  аял өзүнүн 3 жашар баласы менен каза болушту. Маалыматка ылайык эне бала учуучу шар менен абага көтөрүлгөндө белгисиз себептер менен жарылуу болгон. 

Аба шары менен учуу баасы эс алуу паркына кирүү билетинин эсебинде болгон. Эс алуучулар аба шары менен 50 метр бийиктикке чейин көтөрүлгөнгө мумкунчулук алышкан.

Кырсыктын акыркы кадырлары видеого тартылып калган. Ал видеодо көрүнүп тургандай, шарда башында эки адам отурушат  жана аял камерага кол булгалап жатканын көрсө болот. Андан соң конструкциянын ылдамдыгы күчөп, аба мейикиндигинде  жоголуп кеткен. Жергиликтүү калкатын айтымында, шар жарылып, эне бала каза болуп калган.

Полиция өткөн жумада бул абада учууга тиешеси бар 5 адамды камакка алган. Парктын иши убактылуу токтотулуп, териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Анонимдүү булактардын билдиргендей аба шарында учуу мыйзамсыз болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/video-ene-balanyn-uchuuchu-aba-sharyndagy-lmg-alyp-kelgen-akyrky-videosu



Добавить комментарий