Видео. Эки кызды эки колтугуна кысып барып экөөнө тең үйлөнүп алган Бишкектик жигитти тааныдыңызбы?

8 октябрь 2019 19:48 1036 Barometr
Бөлүшүү:
ok



Бишкекте бир жигит эки кызды эки жагына алып бир учурда экөө менен никелешти. Буга байланышкан видео интернетте тарап, коомчулук кызуу талкуулап жатат.

Видеодо жигит эки жагында үлпөт кийимчен эки селкиге нике шакегин тагып жатканын көрүүгө болот. Никелешүү расимин уюштурган алып баруучу орус тилинде үй-бүлө кодексине ылайык аларды келин-күйөө деп жарыялайт.

Кыргызстанда сейрек кездешкен мындай никелешүү аземге күбө болгондор аларды хор менен “Куттуктайбыз!” деп коштоп жатышат.

Интернет колдонуучулар муну жасалма көрүнүш деп сыпаттап, аны юмор катары кабыл алышууда.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда көп аял алууга мыйзамда тыюу салынган.

Ссылка: https://barometr.kg/video-eki-kyzdy-eki-koltuguna-kysyp-baryp-ekn-te-jlnp-algan-bishkektik-zhigitti-taanydyyzby



Добавить комментарий