Видео. Бишкекте тамактануу жайдан өрт чыгып, бир жаран каза болду

8 ноябрь 2019 15:39 5906 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бишкек шаарынын чок ортосундагы "Антошка" тез тамактануучу жайдан өрт чыгып, бир нече жолу жарылуу болду. Кырсыктан бир кыз каза тапты. Ал ошол жайдын иштөөчүсү экени айтылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы билдирди.

Дагы ондон ашык адам ар кандай деңгээлдеги күйүк алышып, ооруканага жеткирилген. Арасында жаш балдар бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканага жаткырылгандар тууралуу азырынча маалымат айта элек. 

Бүгүн чак түштө Чүй проспектиси жана Эркиндик сейил багынын кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайдан өрт чыккан. Өрткө каршы кызматынын 3 бөлүмү тартылып, өрт 14:09де чектөөгө алынган.

Окуянын күбөлөрү кырсыкта патрулдук милиция кызматкери куткаруу иштерин жүргүзгөнүн айтышат.

Ссылка: https://barometr.kg/video-bishkekte-tamaktanuu-zhajdan-rt-chygyp-bir-zharan-kaza-boldu



Добавить комментарий