Видео. Атактуу балбан Канатбек Бегалиев тушоо-тойдо “Мен сенин кырааныңмын Кыргызстан”, - деп ырдады

6 ноябрь 2019 00:05 17132 4 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кыргыздын атактуу балбаны, грек-рим күрөшүнөн Пекин Олимпиадасынын күмүш медалын уткан Канатбек Бегалиев тойдо ырдады. Бүгүн, 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов небереси Даулет бир жашка чыгып, Бишкектеги “Сары-Челек” ресторанында тушоо той өткөрүүдө. Тойго сыйлуу конок катары чакырылган Канатбек Бегалиев Эл артисти Бек Бордиевдин “Кыргызстан” аттуу ырын:

Мен сенин кырааныңмын Кыргызстан, Мен сенин таалайыңа туулганмын”, - деп созолонтуп, тойго белек кылды. Чакырылгандар балбандын ырдаганына бийлешип, тойдун шаңына өзүнчө шаң кошулду.

Канатбектин ырдаганы тартылган видеону белгилүү спорт журналисти Тахир Гафуров өзүнүн facebook баракчасына койду.

Белгилеп кетсек, Мейрамбек Ахметов грек-рим күрөшүнөн эмгек сиңирген машыктыруучу. Ал Канатбек Бегалиевди кесипкөй балбан кылып даярдаган жеке машыктыруучусу болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/video-ataktuu-balban-kanatbek-begaliev-tushoo-tojdo-men-senin-kyraanymyn-kyrgyzstan-dep-yrdady



Добавить комментарий