Видео. Айжан Чаначаева 2019-жылдагы Кыргызстандын эң сулуусу

13 октябрь 2019 00:31 5236 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бүгүн Бишкекте “Кыргызстандын сулуусу – 2019” сулуулар конкурсу жыйынтыкталып, Чаначаева Айжан эжеңүүчү болду. Ал 17 сулуу кыздын ичинен эң сулуу деп тандалды.

Конкурста кыздардын таланттары сыналды. Алып баруучулардын ар түркүн суроолор берилип сыналды, кече көйнөктөрдү кийип чыгып сындан өтүштү.

Жеңүүчү кыз 2019-жылдын декабрь айында Лондондо өтүүчү “Дүйнө сулуусу – 2019” сулуулар конкурсунда Кыргызстандын атынан катышат.

“Кыргызстандын сулуусу – 2019” конкурсунун жеңүүчүсүнө кийгизилүүчү таажы алтын жана күмүштөн жасалып, 6 рубин менен кооздолгон.

Сынактан кийин ал таажы Мамлекетке берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/video-ajzhan-chanachaeva-2019-zhyldagy-kyrgyzstandyn-e-suluusu



Добавить комментарий