Вьетнамдын президенти дүйнө салды
Бөлүшүү:
Вьетнамдын президенти Чан Дай Куанг 62 жаш курагында дүйнө салды. Ал Ханойдогу ооруканалардын биринде жергиликтүү убакыт менен алганда саат 10.05те жүрөк оорусунан улам көз жумду деп билдирди VnExpress маалымат агенттиги. Чан Дай Куанг 1956-жылы Вьетнамдын түндүгүндөгү Ниньбинь провинциясында туулган.
Көп жылдар бою ички иштер министрлигинде иштеп келген. Юридика илимдердин кандидаты илимий наамы бар. 2016-жылды апрель айында Вьетнамдын 10чу президенти болуп шайланган.
Ссылка: https://barometr.kg/vetnamdyn-prezidenti-djn-saldy
Добавить комментарий ×