Урмат Барыктабасов: Мамлекетке, жалпы элге, жакшы, ыңгайлуу болсун дегендер аз экен
Ишкер Урмат Барыктабасов Кыргызстандагы саясий абал тууралуу өз оюн социалдык тармакта билдирди.
Анын баамы боюнча, Кыргызстанда мамлекетке, жалпы элге, жакшы, ыңгайлуу болсун дегендер аз экен.
"Мен бир нерсени андадым. Биз кимди колдойбуз? Ким бизге ыңгайлуу шарт түзүп берсе, мисалы акча уурдаганга, кызматка ээ болгонго, же болбосо ушул келсе менин ишим оңолот, кызматтуу, акчалуу болом деп үмүттөнгөндү колдойт экенбиз. Мамлекетке, жалпы элге, жакшы, ыңгайлуу болсун дегендер аз экен. Ошон үчүн ушундай сазга , карызга, интригага, түркөйлүкө, наадандыка белчеден баттык. Качан мамлекетти ойлой баштайбыз, ошондо оңолуу, өсүү, өзгөрүү башталат. Күчтүү мамлекетте, күчтүү, бактылуу эл жашайт. Топту колдогон элде, улам бир топ, убактылуу чардайт. Анан азап чегет. Алдамчы болобу, алкаш болобу, сүткор болобу, коркок, билимсиз, түркөй, өзүнө эмес, башкага ишенген, болсо мейли, бир топ түзө алса болду деген ой жүгүртүү бизди басыптыр", - деген көз карашын Барыктабасов билдирди.
Добавить комментарий ×