Урмат Барктабасов: Ар ким өз билгенин жасап отурат….
Жеке ишкер Урмат Барктабасов ѳлкѳдѳгү азыркы кырдаал тууралуу оюн жарыялады. Анда ишкерлердин кыйналганын, ишканалардын дүң бойдон жабылып жатканына токтолду. Ошондой эле, ѳлкѳдѳ бир багыт болбогонуна басым жасаган. Бул тууралуу ишкер фейсбук баракчасында жазды.
Текстти толугу менен ѳзгѳрүүсүз бул жактан окуй аласыздар:
"Ишкерлер кыйналып калды. Мамкызматкерлердин багыты,элди жарга такап салды..
Ишканалар оптом жабылып жатат.. Эл? эл болсо депутат болом( болсун) деп жанталашып отурат..башка эмне кылат?
Багыт жок.
Мамкызматкерлер арка мн спорт зал ачып жүрөт..
Болгонун көрсөтүп отурушат да..
Айтоор,Ар ким өз билгенин жасап отурат,
укканын, акылына жараша айтып отурат..
Сабатына жараша, көргөн билгенине жараша, жазып жана окуп отурушат..
Аш тандасаң аш жейсин,
бок тандасан бок жейсин деген кеп болду окшойт..
P.S. Башкасын кое туруп, багытты талдап,тандап, талкулап алсак туура болмок,..
Анан багытка жараша, иш алып кетчу адамдар тандалса туура болмок..
Тилеке каршы бул жок..
Жеке кызыкчылык күч алды..
Мекен унутта калды окшойт..
Мекенди таштап кеткендер мн тоногондор көбөйдүү окшойт..
Эптеп жан багуу, күч алыптыр..
Айтсан укпайт..Өзүм билем деп..
Айла жок..
Суу, свет,штраф, депутаттын орду, жашоо, ж.б. күнүгө кымбаттап эле жатат..", - деп жазды.
Ссылка: https://barometr.kg/urmat-barktabasov-ar-kim-z-bilgenin-zhasap-oturat
Добавить комментарий ×