Унааларды каттоо эрежелери өзгөрүшү күтүлүүдө

28 август 2018 12:40 3699 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Унааларды каттоо эрежелери өзгөрүшү күтүлүүдө.  Юстиция министрлиги машине ээси толугу менен мамлекет алдындагы карыздарын төлөмөйүнчө, анын темир тулпарын каттоого албоону сунуштап жатат. Ал эми ушундай эле чаралар айдоочу күбөлүгүн алмаштырууда дагы киргизилет.  Демилгечилердин айтымында мындай нормалар унааларды каттоодо жана айдоочу күбөлүктөрүн тапшыруудагы коррупциялык аракеттерди жоюуга багытталат.  Өкмөт токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ссылка: https://barometr.kg/unaalardy-kattoo-erezheleri-zgrsh-ktld



Добавить комментарий