Унаалар боюнча полис алуу мыйзамы артка жылдырылсын деген сунуш киргизилди

17 январь 2019 12:23 919 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Милдеттүү камсыздандыруу боюнча автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук камсыздандыруулары боюнча мыйзамды артка жылдырууну депутат Төрөбай Зулпукаров бүгүнкү 17-январда өтүп жаткан парламенттин жыйынында сунуштады.

Депутаттын сунушун төрага дастан Жумабеков дагы колдоду. Себеби, депутаттын айтымында парламент 2016-жылы эле бул мыйзамды ишке ашырыш үчүн тиешелүү шарт-жоболорду иштеп чыгууну өкмөткө тапшырган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жобо түзүлбөй келген.

Мыйзамды чала иштеткенде коомчулукта түшүнбөстуктөр келип чыгуусун белгилешип, ага өкмөт даярдыктарды көрүшү керек керектигин айтышты.

Эске салсак, "Милдеттүү камсыздандыруу боюнча автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги жөнүндө" мыйзам 2019-жылдын 7-февралында күчүнө кирет. Ага ылайык, бардык айдоочулар камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирилет. Каржылык көзөмөл боюнча мамлекеттик кызмат камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга акчалай айып салуу боюнча талапты алты айга чейин жылдырууну сунуш кылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/unaalar-boyuncha-polis-aluu-myjzamy-artka-zhyldyrylsyn-degen-sunush-kirgizildi



Добавить комментарий