Улуу Британия Евробиримдиктен расмий түрдө чыкты

1 февраль 2020 13:35 2029 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуу Британия 1-февралдан тарта расмий түрдө Европа биримдигинен чыкты.

Белгилей кетсек, мындай аракеттер үч жылга созулган “Брекзит” тууралуу референдумдан кийин ишке ашты.

1-февралга бир саат калганда премьер-министр Борис Жонсон элге кайрылуу жасады. Эске салсак учурда Борис Жонсон Британиянын Европа биримдигинен чыгуусун 2016-жылы башталган кампанияда колдогон болчу.


Видео кайрылуусун ал Facebook баракчасына жарыялап, анын консервативдик өкмөтү “элдин эркине баш ийгенин” белгиледи.

“Көпчүлүк үчүн бул үмүттүн учуру, аны көпчүлүгүг такыр келбейт деп ойлошкон”, — деди Жонсон.

Бирок ошол эле учурда эртеңки күн кандай болот деп тынчсызданып жаткандар дагы бар экенин кошумчалады.

Вестминстер сарайынын алдындагы аянтка беш миңден ашык киши чогулуп, саат 12:00 болушун күтүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/uluu-britaniya-evrobirimdikten-rasmij-trd-chykty



Добавить комментарий