Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз болуп кеткен Балтабай Борошевдин жеке буюмдары уулуна берилди

21 июнь 2018 02:10 1026 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон жана дайынсыз деп эсептелген кыргыз жоокери Балтабай Борошевдин жеке буюмдары анын уулу Жээнбай Балтабаевге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадагы   жумушчу сапарынын алкагында «Обелиск» издөө отрядынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Өлкө башчысына Ош облусунун Алай районунан  Улуу Ата-Мекендик согушка аттанган жана майданда дайынсыз болуп кеткен Балтабай Борошевдин 2006-жылы табылган жеке буюмдарын өткөрүп беришкен.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Таалайбек Сарыбашов жоокер Балтабай Борошевдин медальонун, курунун кемерин жана «Өлбөстүккө кадам» медалын анын уулу Жээнбай Балтабаевге тапшырды.

Кыргыз жоокердин сөөгү Смоленск облусунда Бекрино айылынын жанынан табылып, Овсянники айылындагы Эскерүү талаасына кайрадан коюлган.

Ссылка: https://barometr.kg/uluu-ata-mekendik-sogushta-dajynsyz-bolup-ketken-baltabaj-boroshevdin-zheke-buyumdary-uuluna-berildi



Добавить комментарий