Видео. Улуттук университеттин балбаны дүйнө чемпиону болду
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин спортчусу Бектуркан Кожомуратов бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын спорттук клубунун башкы машыктыруучусу Азамат Осмонбеков “barometr.kg” сайтына бүгүн билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк чемпионат Орусиянын Казань шаарында 2-ноябрда жыйынтыкталган. Ага 35 мамлекеттен спортчулар келген. Кыргызстандан 16 балбан катышкан.
82 кило салмакта күч сынашкан кыргыз балбаны Бектуркан Кожомуратов финалдык беттеште Орусиялык Азамат Татаркуловду таза техникалык жеңиш менен утту. Кыргызстандык дагы бир балбан Нурбек Кожобеков 100 килограммга чейинкилер арасында жеңүүчү болуп, алтын байге утту. Кыргызстан курамасында эки алтын, төрт күмүш жана алты коло медаль бар. Анын катарында Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин спорттук клубунун тарбиялануучулары Бекзат Тынчтыкбек уулу, Урмат Мусадилалиев жана кыздар күрөшүнөн Адина Нурматова ар бири өз салмактарында 3-орунду ээлешип, коло байге алып кайтышты. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан курамасы Орусиядан кийинки экинчи орунду ээледи.
Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-universitettin-balbany-djn-chempionu-boldu
Добавить комментарий ×