Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Коррупционерлердин кекиртегине тыгылган кылкан эле..
Бүгүн иликтөөчү-журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгү өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылында жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатууга кесиптештери, Кыргызстандын мурунку президенти Роза Отунбаева баш болгон саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана журналисттер келишти.
Азаттыктын мурунку кабарчысы, кесиптеши Жанар Акаев Улан Эгизбаевдин чындыкты тайманбай бетке айткандыгын, акыйкатты жар салган чыгаан журналисттигин көзүнө жаш алып, төмөндөгүчө эскерди:
"Улан абдан тың, коррупционерлердин кекиртегине тыгылган кылкан эле. Микрофон менен келе жатканын көргөн чиновниктер залдан кирип кирип качып кетишчү. Алар 3 мүнөттүк интервью бергенден коркушаар эле. Анткени Улан чындыктын, акыйкаттыктын символу болчу"-деди.
22-июлда Улан Эгизбаев Акун пансионатында эс алып жүргөн жеринен сууга чөгүп каза болгон. Жакындары журналисттин мезгилсиз дүйнө салып кеткендигине ишене албай келет. ИИМ журналисттин өлумүнө тиешелүү иликтөөнү өз карамагына алгандыгын билдирди.
Добавить комментарий ×