Улан Эгизбаевдин үй бүлөсүнө эки бөлмөлүү батир берилди

13 август 2018 23:50 2663 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин үй бүлөсүнө эки  бөлмөлүү битирдин ачкычы тапшырылды. 

Бул тууралуу Улан Эгизбаевдин досу Каниет Жыргалбеков билдирди. 

Анын айтымында "KG групп" курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов Көк-Жар конушунан эки бөлмөлүү батир белек кылды. Буга чейин  маркум журналист Улан Эгизбаевдин жакындарына колдоо көрсөтүү максатында 8 000 доллардан ашык каражат топтолгон. 

Белгилей кетсек, "азаттыктын" чыгаан журналисти Улан Эгизбаев 22-июль күнү Ысык-Көлгө чөгүп каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/ulan-egizbaevdin-j-blsn-eki-blml-batir-berildi



Добавить комментарий