Укук коргоочу президентти жоокерлерге көңүл бурууга чакырды

10 август 2018 23:00 1641 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Анда "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп жоокерлердин абалына көңүл бурууга чакырды. 

Кайрылууда: “Урматтуу Сооронбай Шарипович, Сиз Президент гана эмес Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысыз. Өткөндөгү жолугушууда Армиядагы абалды кыскача Сизге жеткизгенге аракет кылгын элем. Урматтуу Соорнбай Шарипович, Армиядагы балдардын абалына кызыкдар болуп коюнуз. Суранам. Акыркы эки айда эки окуя олум менен аяктады. Бир бала атылып ооруканада. Ала-Тоо полигонунда акылга сыйбаган кыйноо, уруп-сабоо орун алды. Генштабга бир ооз бир нерсе деп коюңуз. Сизди терең урматтап, Укук коргоочу Азиза Абдирасулова.” деп жазылган Белгилей кетсек, буга чейин армиядагы кызмат өтөп жаткан жоокерлерге катаал мамиле жасалып, алар кара жумушка салынганын жана ур-токмокко алынып, мазактап-кордогондору айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/ukuk-korgoochu-prezidentti-zhookerlerge-kl-buruuga-chakyrdy



Добавить комментарий