Укмуш ырдайт экен! Самара Каримованын баласы Барсбек Данияр Эрматовго куюп койгондой окшош экен

21 февраль 2019 15:35 2634 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Ырчы Самара Каримованын улуу баласы Барсбек ырчы Данияр Эрматовду кумир тутуп анын ырларын берилүү менен аткарат. Анын ырдап жаткан видеосун Самара Каримова өзүнүн  инстаграм баракчасына жүктөдү.

Көпчүлүк ырчынын баласынын талантына баа беришүүдө.

Видео менен ырчы Данияр Эрматов өзү да бөлүшүп:

"Асан агам менен Самара жеңемдин уулу Барсбек инимден экинчи Данияр Эрматовдун образы. Кайра кайра көрдүм", -деп баяндама жазып койду. Ага кошумча жолукканда белек берээрин да кошумчалады.

Көпчүлүк пикир калтыруучулар видеону тамашалуу мааниде кабыл алышып ырчынын баласына жакшы каалоо тилектерин жазып калтырышты.

Эске салсак, Самара Каримова буга чейин да бир нече жолу улуу баласы Барсбек Данияр Эрматовду кумир тутаарын айтып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmush-yrdajt-eken-samara-karimovanyn-balasy-barsbekten-ekinchi-daniyar-ermatov



Добавить комментарий