УКМКнын кызматкерлери кафенин күзөтчүсүн бычак менен сайып кетишкен
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кафенин күзөтчүлөрү менен чатакташкан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына укук коргоо органдарынан билдиришкен.
Окуя түндө саат 00.30да катталган.
“Чатак маалында кафенин күзөт кызматынын бир кызматкери бычактан жаракат алды. Бирок аны бейтапканага жаткырыштыбы же жокпу белгисиз”,-деп кабарлашкан укук коргоо органдарынан.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча катталганын кабарлады.
Учурда кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmknyn-kyzmatkerleri-kafenin-kztchsn-bychak-menen-sajyp-ketishken
Добавить комментарий ×