УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлат

23 июнь 2021 12:03 1225 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Жакында Кыргызстанда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы жоюлат. Бул боюнча тиешелүү документ даярдалып жатат”,-деп айтты бүгүн, 23-июнда президент Садыр Жапаров ишкер коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушкан маалда.

Президент белгилегендей, акыркы учурларда бизнестин фискалдык жана укук коргоо органдарына карата нааразылыктары кескин өсүп кетти, маалымат мейкиндигинде ишкерлерге карата кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу кабарлар пайда болууда.

“Укук коргоо жана фискалдык органдардын кызыкчылыктарынан улам ири ишканалар иштебей калганы тууралуу фактылар бар.Укук нормаларындагы карама-каршылыктар ишкерлерге каршы колдонулууда”,-деп айтты бул тууралуу мамлекет башчысы.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmknyn-korrupciyaga-karshy-kyzmaty-zhoyulat



Добавить комментарий