УКМК Россиянын Кыргызстандагы консулдугуна бомба коюлду деп жалган маалымат берген жаранды кармады

9 март 2020 14:28 478 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМК телефон «террористин» кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.  

2020-жылдын 6-мартында КР УКМК нөөмөт бөлүмүнө Россия Федерациясынын консулдук бөлүмүндө жардыруучу зат орнотулганы боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо УКМК атайын адистеринен турган топ барып, аймак курчоого алынып, дипломатиялык кызматкерлер эвакуацияланган. Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир жарылуу зат жок болуп чыккан. 

Бул факт КР УКМК Тергөө башкы башкармалыгына сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Терроризим актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 

УКМК тарабынна ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1974-ж.т. М.Т.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны аныкталып кармалды. Такталгандай, А.А. бейбаштык менен анонимдүү маалымат жиберген. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат. 

УКМК жалган маалыматтарды тараткан үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилик каралганын эскертет.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-telefonduk-terrorist-karmaldy



Добавить комментарий