УКМК коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалардын бирдиктүү эсебине 371 млн. сомдон ашык каражат которду

30 январь 2020 10:31 1327 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМК Коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү которду. 

2020-жылдын 30-январында КРнын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү, 67 млн. 644 миң. 674 сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду. 

КР УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 371 млн. 291миң 036 сомду түздү.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-depozittik-eseptin-achylganynan-beri-371-mln-291mi-036-somdu-tzd



Добавить комментарий