Кумтөрдүн жоголгон кызматкерлерин издөө ишине альпинисттер да кошулду

3 декабрь 2019 13:25 2444 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кумтөрдүн жоголгон кызматкерин издөөдө жеринде 18 оор техника иштеп жатат. Издөө-куткаруу ишине альпинистер дагы кошулду. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.  Кескин түрдө жылган жараксыз катмардын (жер көчкү) жалпы аянты: узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12,825,000м3 түзөт.  Дайынсыз болуп жаткан эки адамдын болжолдуу калган жерлери адистер тарабынан аныкталып, учурда ошол аймакта техникалар иштеп жатат. Жалпысынан 94 куткаруучу тартылган: ӨКМден, Кумтор ишканасынан, кинологдор ж. б. Мамэкотехинспекциянын тоо-кең адистери чалгындоо иштерин жүргүзүп,  коркунуч туулган жерлерге атайын аспаптарды орнотуп тактоо иштерин жүргүзүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/uchurda-zherinde-18-oor-tehnika-ishtep-zhatat



Добавить комментарий