"Учкун" ишканасынын акыркы үч жылдагы кирешеси 7 эсеге өскөн
Бүгүн, 23-апрелде “Учкун” ААКсынын акционерлеринин жылдык чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, күн тартибинде 12 маселе каралган.
"Негизги маселелердин бири болгон башкы директор Дайыр Кенекеевдин 2020-жылдагы ишкананын финансылык-чарбалык ишмердиги боюнча отчету угулду.
Акционерлер отчетту бир добуштан колдошту. “Учкун” ААКсынын жетекчилиги 2020-жылдын бюджетин ашыгы менен гана аткарбастан, акыркы 20 жыл ичинде эң жогорку рекорддук таза киреше алып келди.
Дайыр Кенекеев "Учкунга" жетекчи болуп келгенден берки акыркы үч жыл ичинде ишканага түшкөн таза киреше 7 эсеге өскөн!", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/uchkun-ishkanasynyn-akyrky-ch-zhyldagy-kireshesi-7-esege-skn
Добавить комментарий ×