Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Андрей Руденкону кабыл алды
Ушул жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденкону кабыл алды.
Тараптар кыргыз-россия кызматташуусунун күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, жогорку жана эң жогорку деңгээлде боло турган иш-чараларды сапаттуу даярдоо зарылчылыгын, анын ичинде, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы эки тараптуу жылын өткөрүүгө даярданууну баса белгилешти .
Эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды, ошондой эле эки тараптуу байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара даярдык ниети тастыкталды.
Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Руденко Бишкек шаарына кыргыз-россиялык ТИМдер аралык консультацияларга катышуу үчүн келди.
Ссылка: https://barometr.kg/tyshky-ishter-ministri-chygyz-ajdarbekov-andrej-rudenkonu-kabyl-aldy
Добавить комментарий ×