Тынчтык Шерматов: Башкы максатым өлкөгө инвестиция тартуу

24 ноябрь 2021 21:59 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда жакшы мүмкүнчүлүктөр бар, болгону ошону туура пайдалана билүү керек. Бул тууралуу “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Тынчтчык Шерматов шайлоочуларга өзүнүн программасын бөлүшуп жатып билдирди.

"Кудайым буйруп, элимдин колдоосу менен депутат болуп шайланып кала турган болсом, завод фабрикаларды курууга аракет кылам. Азыр чет өлкөдөн алынып келген курулуш материалдар жол жана бажы салыгы кымбат болгонуна байланыштуу өтө эле кымбат.  Карапайым эл көбүнчө муну көтөрө албайт. Андыктан мына ушулар элибизге жеткиликтүү болуусуна чоң шарт түзүүгө күчүмдү жумшайм. Мага бул тармак жат эмес, андагы көйгөйлөрдү жакшы билем. Андан сырткары дагы ички экономикабызды өнүктүрсөк деген тилегим бар.

Бизде жакшы мүмкүнчүлүктөр бар, болгону ошону туура пайдалана билүү керек. Бюджетте акча тартыш деп отура бербей, ошол мамлекеттик бюджетти толтурууга салымыбызды кошсок дейт элем. Ошондой эле эң башкы максатым өлкөгө инвестиция тартуу. Эл өкүлү болуп шайлангандан кийин эл үчүн иштешибиз керек деп ойлойм",-деген пикирин бөлүштү талапкер.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда. Тынчтык Шерматов үчүн партиянын тизмесинде 38-номер менен добуш ыйгарсаңыз болот.  

Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 24.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

Ссылка: https://barometr.kg/tynchtyk-shermatov-deputat-bolup-shajlanyp-kalsam-bashky-maksatym-lkg-investiciya-tartuu



Добавить комментарий