Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда сел жүрүшү мүмкүн

15 июль 2020 09:46 717 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 14-июлдан 17-июлуна чейин туруксуз  аба-ырайына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн! Бул тууралуу ӨКМ дин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

14-17-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. 

15-21-июлдарда республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат:

15-19-июлдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

15-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 

16-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 

17-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 

18-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 

19-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.  

15-19-июлдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы:

15-19-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 

15-19-июлдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы:

15-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорундаөткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

16-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 

17-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшүкүтүлөт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 

18-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 

19-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.  

15-19-июлдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы:

15-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 

15-июлда күндүз жана 16-17-июлдарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

19-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-июлдарда Каракол  жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы:

15-17-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

18-19-июлдарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-июлдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы:

15-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

16-17-июлдарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

19-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына  4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.  

20-21-июлдарда Кыргызстандын  аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

20-21-июлдарда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад,Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад,Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Ссылка: https://barometr.kg/turuksuz-aba-yrajyna-bajlanyshtuu-sel-zhrsh-mmkn



Добавить комментарий