Турсунбай Бакир уулу: “Ахматбек Келдибеков төрага болуп турганда Жогорку Кеңеш көз карандысыз болчу”

21 ноябрь 2021 16:25 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеӊеште спикер болуп турганда чыныгы парламенттик башкаруу болгон. Бул тууралуу коомдук ишмер Турсунбай Бакир уулу билдирди.

"Ар бир адамды сындасак жаман жагы чыга берет. Анткен менен жакшы жагын дагы көрө билүүбүз керек. Маселен, “Азаттык” партиясынан парламенттик шайлоого катышып жаткан Ахматбек Келдибеков туурасында пикиримди мындайча билдирем. Мен ал инсандын жакшы жактарын билем. Келдибеков күчтүү саясатчы, финансист. 5-чакырлышта чогуу депутат болгонбуз. Ахматбек Келдибекович Жогорку Кеӊеште спикер болуп турганда чыныгы парламенттик башкаруу болгон. Президент, Өкмөттөн көз карандысыз болчу. Жогорку Кеңеш чечимдерди өткөрүп, ал чечимдердин аткарылышына  талап коер эле. Төрага катары калыс болчу, депутаттын бирөөсүнө сөз берип, экинчисине сөз бербей койгон эмес. Депутаттардын баарына бирдей мамиле жасачу.

Бүгүнкү күндө ак үйдө азан айтылып, намаз окулупу жатканын, биринчи мечиттин ачылышына Келдибековдун түздөн түз таасири бар. Ак үйгө мечит ачуу боюнча бир ооз демилге көтөрсөм эле мени колдоп, Кыргызстандын тарыхында ак үйдүн ичиндеги мечитти ачканбыз. Анын колдоосу болбосо мечит ачылбайт эле",-деп билдирди Турсунбай Бакир уулу.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Ахматбек Келдибеков шайлоого катышып жаткан “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын тең төрагасы болуп эсептелет.“Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.

Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 21.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

Ссылка: https://barometr.kg/tursunbaj-bakir-uulu-ahmatbek-keldibekov-traga-bolup-turganda-zhogorku-keesh-kz-karandysyz-bolchu



Добавить комментарий