Турмуштук оор кырдаалда кабылган балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү акысыз негизде жүргүзүлөт
Бөлүшүү:
Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды табуу жана документтештирүү боюнча улуттук кампаниянын алкагында, 24-октябрь күнү Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери ыктыярчылар менен бирге Ак-Жар конушун үймөй-үй кыдырып чыгышты. Бул туурасында ведомстводон кабарлашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер жана ыктыярчылар турмуштук оор кырдаалда турган балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү акысыз негизде жүргүзүлөрүн жана акция ушул жылдын аягына чейин уланарын түшүндүрүштү.
Министрлик дагы 7 конушта үймө үй кыдыруу иши пландалып жатканын кошумчалады.
Добавить комментарий ×