Турмушта көп жасалган ырым-жырымдар жана алардын мааниси тууралуу билип алыңыз!

29 апрель 2019 14:27 6361 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жашоо-турмушта көп кездешип жасалып жүргөн ырым-жырымдар бар. Алардын маанисин түшүндүрбөй эле тыюу сала беришет. barometr.kg аларды тизмектеп, маанилери тууралуу сунуштайт.

Бурчка отурба

“Дасторкондун бурчуна отурган болбойт” деп айтышат жана бул ырым башка элдерде дагы кездешет. Мисалы, Кытайда “бурчка отурган адам жети жылга чейин түгөйсүз калат” деп ырымдашат. Фен-шуйчулар кандай гана бурч болбосун адамдын ийгилигине, ден соолугуна, карама-каршы жыныстагы адам менен болгон мамилесине тескери таасир берет деп эсептешет.    

Босогодо коштошпо!

Босогодон жакыныңыз же сүйгөн адамыңыз менен коштошоңуз жакында чыр-чатак болот деп коюшат. Себеби босого эки дүйнөнү бөлүп турган энергетикалык тосмо деп коюшат.Бул чек ара көрүнбөсө да адамдарды эки тарапка бөлүп коет.

Жаман маанайда тамак жасаба!

Начар маанайда жасалган тамак негативдүү энергияга ээ болот. Ошондуктан чатактан кийин же жаман кабардан кийин тамак-аш бышыруу үй-бүлө мүчөлөрүнө заян алып келет.

Далыны салбоо

Артыңызда бирөө турса бул энергетикалык жактан начар корголуп жатасыз дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан шаардык маршруткага каршы терши туруп жумушка барып келгенден кийин бут тарта албай шайыңыз кетип кулайсыз. Далы адамдагы энергетикалык жактан эң начар корголгон жер. Бирөөгө далыңызды салуу менен күч-кубатыңыздан ажырайсыз.

Бурчка тыгылбоо

Үйдүн же имараттын бурчу туура эмес позицияны берет жана бурч адамдагы энергияны сорот.

Сынык күзгүдөн өзүн карабоо

Сынык күзгүдөн карануу адамдын ден соолугунда маселенин келип чыгышына алып келет. 

Ооруп жаткан адамды сөөмөйү менен көрсөтпөө

Бул учурда адам анын оорусун тартып алат экен.

Жарым жолдон кайтпоо!

Бул учурда жол болбой калат деп эсептешет. Бул дагы күч-кубаттын кетишине жол ачып жолду жабат. Бирок чындап эле кайтууга туура келип жатса, үйгө бир аз отуруп анан чыгуу керек.

Ссылка: https://barometr.kg/turmushta-kp-zhasalgan-yrym-zhyrymdar-zhana-alardyn-maanisi-tuuraluu-bilip-alyyz



Добавить комментарий