Төшөк катнашында ырахат албаганыңыздын себеби эмне?

22 август 2019 12:10 6535 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жыныстык катнаш тууралуу эл арасында түшүнүк башкача калыпташкан. Коркуу, бир калптуулук, ишенимсиздик, уят. Албетте мунун туура жана туура эмес жактары да бар. Ошентсе да жыныстык катнаштагы катачылыктардын себебинен кээде ырхат ала албай каласыз.

Жыныстык катнаш тууралуу жолдошуңуз менен талкулоо ыңгайсыз жана туура эмес чыгар. Канткен менен төшөк катнашында сизге эмне жагып, эмне жакпай жатканын айтпасаңыз ал кайдан билсин. Эгер жыныстык катнаш мурункудан да жакшы болгонун кааласаңыз, күйөөңүз менен сүйлөшүп, оюңузду бөлүшуңуз. Каалоңузду айтыңыз, жашырбаңыз.

«Мен андай жасасам сулуу көрүнбөй калам. Сырткы көзгө кандай көрүнөт экенмин?» деп коркпоңуз. Кээ бир келиндер кээ бир кемчиликти жашыруу үчүн кээде катнашка түшпөй калат. «Арыктап алайын же төшүм кичинекей» деген сөздөрдү көп угуп калабыз. Эсиңизде болсун, күйөөңүз каалап турса, эч качан баш тартпаңыз. Ушунтип отуруп, анын сүйүүсүн өчүрүп аласыз. Өзүңүздү эркин кармап, ырахат алыңыз. Ал эми төшөк катнашынан ырахат алган аялдан бактылуу жан жок.

Бирдей жасай берүүдөн баш тартыңыз. Жыныстык катнаш учурунда ар түрдүү ыкмаларды жасап көрүүдөн коркпоңуз. Эң башкысы, шеригиңизге ишениңиз. Ал да сизге жаман болгонун каалабайт. Ал эми эгер жакпай жаткан болсо баш тарта аласыз.

Ар дайым кечинде жана төшөктө гана алектенбей, эрежени бузуп көрүңүздөр. Ошондо бири-бириңизден тажап кетпейсиздер, тескерисинче кызыктуу болот.

Аял-күйөөсү болсо да бир убактылуу кош бойлуу болууну калабагандар да бар. Ошонун кесепетинен кээде коркуп, жыныстык катгашка барышпайт. Андай учурда коргонуу каражаттарын пайдаланып, дарыгер менен кеңешүү керек. Ал эми аял-күйөөсүнүн ортосунда жыныстык катнаш болушу шарт.


Ссылка: https://barometr.kg/tshk-katnashynda-yrahat-albaganyyzdyn-sebebi-emne



Добавить комментарий