Түркиядагы президенттик шайлоодо бир да талапкер 50 пайыз добуш топтой алган жок

15 май 2023 10:12 1089 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоолордо добуштарды саноо аяктап баратат. Бул тууралуу түрк басылмаларына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Учурда,  бюллетендердин 98,3%ы саналып бүтүп, жыйынтыгында талапкерлердин бири дагы 50% добуш ала алган эмес.

15-майда саат 9:00догу жыйынтыктар:   

Режеп Тайып Эрдоган 49,3%   

Кемал Кылычдароглу 45%     

Синан Оган  5,2%,     

Шайлоого катышкандар 87,8%,       

Шайлоо бюллетендеринин 98,38 пайызы иштелип чыкты.       

Азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган опазициялык 6 партиянын коалициясынан чыккан талапкер Кемал Кылычдароглу менен тиреши экинчи турда да уланышы мүмкүн.        

Алдын ала маалыматтар боюнча, экинчи тур 28-майга өтүшү мүмкүн.       

Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайип Эрдогандын Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АКП) жетектеген «Республикалык альянс» 99,55% добуштарды санап, 49,3% же парламенттеги 600 орундун 322ге жакынына ээ болуушу мүмкүн.               

Кемал Кылычдароглунун Республикалык элдик партиясы (CHP) жетектеген «Элдик альянс» 35,19% же 212ге жакын мандатка ээ, деп билдирет ТРТ Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына таянып.       

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyadagy-prezidenttik-shajloodo-bir-da-talapker-50-pajyz-dobush-toptoj-algan-zhok



Добавить комментарий