Түркияда кыргыз мигрант келиндери зилзаладан жабыркагандарга тамак-аш таратып жатышат (видео)

14 февраль 2023 11:48 1609 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркияда эмгек мигранты болуп жүргөн кыргыз жарандары зилзаладан жабыркап, үй-жайсыз калгандарга ыссык тамак уюштуруп, таратып жатышат. Бул тууралуу “Барометрге” Түркияда эмгектенип жүргөн Айзада аттуу келин маалымдады. 

Маалым болгондой, мекендештер Түркияда зилзаланын кесепетинен суукта баш калкалар жери жок калгандарга ыссык боорсок жасап, аш басып таратышкан.  

Видео тасмада көрүнүп тургандай, кыргыз келиндери түрк жарандарына тамак-аш таратып, алардын жылуу сөзүнө арзып жатышат.

Кыргызстан Түркияда зилзала болгон күнү дароо, куткаруучуларын жөнөткөн. Кече, 13-февралда 3-топ куткаруучуларды баштап Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзү баштап кеткен. Алар өздөрү менен кошо баш калкалар жери жок алгандар үчүн кыргыз боз үйлөрүн да кошо ала кетишкен.

Белгилей кетсек, 6-февралда Түркияда күчү 7,8 баллга жеткен зилзалада 29 605 миңден ашык адам каза болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз талаала калды. 

Эске сала кетсек, Кыргызстандан барган куткаруучулар зилзала болгон Кахраманмараш шаарында  беш адамды урандылардын арасынан тирүү алып чыккан. Ошондой эле, жүздөн ашык адамдын сөөгүн уранды алдынан чыгарып беришкен. 



Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-kyrgyz-migrant-kelinderi-tamak-ash-taratyp-zhatyshat-video



Добавить комментарий