Транспорт министрлиги айдоочуларды сак болууга чакырды

22 октябрь 2021 10:09 1598 Barometr
Бөлүшүү:
ok

21-октябрдан тартып Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Азыркы учурда ашууларда карды тазалоо жана инерттүү материалдарды чачуу иштери жүрүп жатат.

“Айдоочулардан тайгалакка каршы чынжырчаларды алууну, тыгын болгон учурда каршы тикеге чыкпоону, тайгакка каршы инерттүү материалдарды төгө турган атайын техникаларга тоскоол болбоону өтүнөбүз. Эч качан ашууларда жайкы дөңгөлөк менен жүрүүгө болбойт. Ашууларда кар жаап жол тайгалак болот”,-деп эскертишти министрликтен.

Ошондой эле унаалардын аралыгын 500 метрден сактоо керек. Учурда Төө-Ашууда кардын калыңдыгы 10-15 см, Ала-Бел ашуусунда-20-25 сантиметрге жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/transport-ministrligi-ajdoochulardy-sak-boluuga-chakyrdy



Добавить комментарий